Site icon Reporter.kg

Карантин. Үйдөгү зордук-зомбулуктан улам кризистик борборлорду ачуу пландалууда

Кыргызстанда карантин учурунда үйдөгү зордук-зомбулуктун учурлары 61,1%га өстү.

Мындан улам кризистик борборлорду ачуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Бишкектин коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Мында көп адамдар чогулушуна байланыштуу бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталат. Биз бул борборлордун жана алардын тургундарынын коопсуздугун камсыздоого даярбыз”, — деп билдирди борбор калаанын коменданты.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын ушул эле мезгилинде 2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факт катталса, быйыл 162 факт катталды.

Exit mobile version