Site icon Reporter.kg

Карантин. Быйыл мектептерде 10, 20 жылдык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салынды

Быйыл карантинге байланыштуу мектептерде бүтүрүүчүлөрдүн 10 жылдык, 20 жылдык мааракелери өткөрүлбөйт. Бардык иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 27-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун 695 учур катталды. Бул тууралуу бүгүн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, стационарда – 292, алардын ичинен реанимацияда – 7 адам жатат. Ал эми 8 адам илдеттен каза болду.
Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 395 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Exit mobile version