Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймагындагы Араван айылынын тургундары 14 жашар Толгонай жана 17 жашар Айсулуу Орусиядан апасы жана агасы салган акча менен күн көрүп келген. Коронавирус пандемиясынан улам алар да акча жөнөтө албай калды. Учурда өспүрүм кыздар ЮНИСЕФтин Балдар фондунан жардам алышууда.
Мурда алар ичкиликке берилип кеткен атасы менен чогу жашашчу. Айрым учурда атасынын колу тийип, зомбулук көргөзгөн учурлары да болгон. Апасы жана агасынан акча келбей калганда кыздардын жашоосу кыйла кыйындай түшкөн. Ушул учурда кыздарга жардамга “Коомдун сезимтал катмарын коргоо жана өнүгүү борборунан” психологдор келген. Бул борбор ЮНИСЕФтин алкагындагы “Миграциядан жабыркаган балдарды коргоо” программасы аркылуу ишке ашат.
Башында кыздар телефон аркылуу гана колдоо алып келген. Кийин аларды кризистик борборго жайгаштырышкан. Ал жерде окууларын улантышууда. Аны менен бирге жергиликтүү соттун чечими менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги да жардам көргөзүп, кыздарды жакын туугандарынын бири мыйзамдуу камкордукка алган.
Толгонай менен Айсулуу атасына кайтып баргысы келбейт. Бирок туугандары алардын тандоосун туура эмес кабыл алышат деп тынчсызданышууда. Кыздардын келечеги кандай болору белгисиз болуп турса дагы, көрсөтүлгөн көмөк алардын кадимкидей үмүтүн жандырууда.
ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, 2019-жылы Кыргызстанда 250 миңдей бала атасыз же энесиз калган. Алар чет өлкөгө иштегени кетишкен. Алардын 120 миңи ата-энесиз калган. Тилекке каршы, пендемия учурунда алардын жашоосу дагы бир топ оорлоду. Аларга эмгек мигранттары болгон ата энелеринен акча келбей калды. Бул көйгөйдү аз да болсо жеңилдетүү үчүн ЮНИСЕФ мигранттардын балдарына Миграция боюнча эл аралык уюмдун кызматташтыгы менен бирдикте жардам көргөзүүдө.
Материал БУУнун сайтынан алынып, которулду.