Карантинден кийин аскерге чакыртылган жоокерлер ант берди – сүрөт

Карантинден кийин аскерге чакыртылган жоокерлер ант берди – сүрөт

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Кайтаруу жана күзөтүү департаментинде жазгы аскерге чакырылган 150 жаш жоокер аскердик ант берди. Бул тууралуу аталган түзүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жоокерлердин ант берүүсүнө ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев, Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жетекчиси Улан Бердикожоев жана башка кызматташ күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери кылмышкерлер жаза өтөп жатышкан түзөтүү мекемелерин кайтаруу, оор кылмыштарды жасаган кылмышкерлерге карата жүрүп жаткан сот процесстерин камсыздоо, түзөтүү мекемелерине атайын автоунаа менен ташуу милдеттерин аткарышат.

Жоокерлер кылмышкерлерди ээн жерде да конвой менен айдап узатып, өз жеринин тынчтыгы үчүн кызмат өтөшөт.
Быйыл коронавирустан улам жазгы аскерге чакыртуу 2 айга кеч башталды.

Белгилей кетсек, коронавирустан улам эрте жазда башталган аскерге чакыруу убактылуу токтотулуп, эки айдан кийин кайра башталган.
Коргоо иштери боюнча комитети жаш жоокерлердин ант берүү аземим,  алардын ата-энеси жана жакындарынын катышуусуз өткөрүү чечимин кабыл алган.

[su_image_carousel source=»media: 31176,31177,31178,31179,31180,31181,31182,31183″ crop=»none» autoplay=»4″]

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>