Карашев: Эки күбөнүн айтканы чындыкты аныктоо үчүн жетишсиз

Карашев: Эки күбөнүн айтканы чындыкты аныктоо үчүн жетишсиз

Кытайдын жараны Айеркен Саймаитинин ишин иликтеген убактылуу депутаттык комиссиянын отурумунда көрсөтүлгөн эки күбөнүн видеокөрсөтмөсү аркылуу чындыкты аныктоого болбойт. Мындай пикирин комиссия мүчөсү, депутат Аалы Карашев «Азаттыкка» билдирди.

“Тергөө уланып жатат. Бүгүн күбөлөр видеокөрсөтмөдө аттарын атаган кишилерди да суроо зарылчылыгы бар. Алардын да сөзүн, көрсөтмөсүн угуп, ошондон кийин гана жыйынтык чыгарып, чындыкты айтууга болот”, – деген Карашев.

2-июнда Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар акча берилген” деп айткан.

Көп өтпөй «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай УКМКнын билдирүүсүнө жооп берип, атайын кызматтын айткандарын «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>