Site icon Reporter.kg

Каратаев: Медкызматкерлерге кенемте төлөөдө тоскоолдук болууда деген маалымат чындыкка дал келбейт

Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 144 саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсациялоо төлөндү. Мындан тышкары, каза болгон 21 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон акчалай компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда министрдин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Ал «Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилиги тармактык министрликтин медициналык кызматкерлерине тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүдө ар кандай шылтоо менен тоскоолдук кылууда” деген билдирүү чындыкка дал келбей турганын айтты.

Азыркы учурда ССМ тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кошумча 100 млн сом бөлүп берүү боюнча буйруктун долбоору даярдалган. Документ макулдашууда жатат.

«ССМ Комиссиясы компенсация төлөмдөрү үчүн документтерди топтоону тыйган эмес, комиссия тарабынан медициналык кызматкердин так алардан жуктуруп алуу фактысын далилдөө боюнча бейтаптардан талап кылуу айтылган эмес, анткени, документтерди толтуруу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн. Компенсацияларды төлөө сапатсыз таризделгендиктен жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан талап кылынган документтер толук берилбегендиктен кармалат. Бул учурда документтердин бөлүгү кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтердин толук топтому комиссиялык чечим кабыл алынгандан кийин берилет», — деп белгиледи комиссиянын төрагасы Мадамин Каратаев.

Аталган министрликтин комиссиянын кароосуна 1 миң 500гө жакын документ келип түшкөн, алардын ичинен 829 документ экспертизадан өткөн, калган документтер каралууда.

Exit mobile version