Site icon Reporter.kg

Каратэ шотокан боюнча курама дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди

Кыргызстандын  каратэ шотокан боюнча курама Венгрияда өткөн дүйнө чемпионатында 13 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Кыргызстандык спортчулар дүйнө биринчилигинде 5 алтын, 3 күмүш, 5 коло уткан. Мелдеш 25-27-август күндөрү өтүп, 50 мамлекеттен 1000ден ашык спортчу катышкан.

Алтын медалдын ээлери:

  1. Максат Батырбеков (16-17 жаш, кумитэ);
  2. Максат Батырбеков , (15-17 жаш, командалык беттеш);
  3. Адилхан Монолдоров (15-17 жаш, командалык беттеш);
  4. Эльмырза Байышов (15-17 жаш, командалык беттеш);
  5. Самуил Койчубеков (15-17 жаш, командалык беттеш);

Күмүш медалдын ээлери:

  1. Азалия Бейшеналиева (12-13 жаш, ката);
  2. Элмырза Байышов (14-15 жаш, ката);
  3. Элмырза Байышов (14-15 жаш, кумитэ);

Коло медалдын ээлери:

  1. Имран Абдугуламов (12 жаш, кумитэ);
  2. Айдар Жолчиев (12-13 жаш, кумитэ);
  3. Фарух Акбаралиев (18-19 жаш, кумитэ);
  4. Абдибек Апсатаров (20-39 жаш, -65 чейинки салмакта, кумитэ);
  5. Самарбек Дөөлөтбаев (20-39 жаш, -85 кг салмакта, кумитэ).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version