Site icon Reporter.kg

Каратэчи Назим Нурланов Азия оюндарында коло медаль утту

Kazakhstan's Nazim Nurlanov reacts after defeating Malaysia's Raghonathan Sharmendran in their men's kumite 75Kg at the Hangzhou 2022 Asian Games in Hangzhou, in China's eastern Zhejiang province on October 5, 2023. (Photo by William WEST / AFP) (Photo by WILLIAM WEST/AFP via Getty Images)

Кыргызстандык спортчу Назим Нурланов Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында коло медаль тагынды.

Ал каратэ боюнча турнирге 75 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.

Нурланов 1/8 финалдан баштап, Камбоджанын өкүлү менен беттешип, аны жеңип алды. Чейрек финалда ал казакстандык спортчуга утулуп, бирок коло медаль үчүн күрөшүү укугуна ээ болду.

Көңүл жубатуучу турнирдин биринчи беттешинде Нурланов филиппиндик спортчуну жеңип, финалдык 3-орун жана коло медаль үчүн күрөштө Малайзиянын өкүлүнөн күчтүү болду.

Бул Кыргызстан үчүн сегизинчи медаль болду – 3 алтын, 5 коло.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version