Каратечи Назим Нурланов Дүйнөлүк оюндарда күмүш байге утту

Кыргызстандык каратечи Назим Нурланов Дүйнөлүк оюндарда күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. 75 кг салмакта күч сынашкан спортчу күмүш байгенин ээси болгон. Белгилей кетсек, аталган мелдеш Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарында өтүүдө. Дүйнөлүк оюндар 20-октябрь күнү башталган, 30-октябрда жыйынтыкталат. Мелдешке Кыргызстандын атынан карате, самбо, грепплинг жана жиу-житсу боюнча спортчулар катышып жатат. … Читать далее Каратечи Назим Нурланов Дүйнөлүк оюндарда күмүш байге утту