Site icon Reporter.kg

Гүл алууга келген адам сатуучунун iPhone’ун уурдап алган. Видео

Бишкекте телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 21-майда милицияга шаар тургуну кайрылган. Ал арызында билдиргендей, 21-майда болжол саат 03:05те Ахунбаевдеги гүл саткан дүкөндөрдүн биринде белгисиз адам 45 миң сомдук iPhone 11 телефонун уурдап кеткен.

Була фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 32 жаштагы Ф.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Райондук соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 18-июнга чейин камалган.

Милициядан билдиришкендей, учурда шектүүнүн ушул сыяктуу дагы бир кылмышка катыштыгы бар экени аныкталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо, 0 708 840 808 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Иликтөө иштери улануда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version