Site icon Reporter.kg

Кардиохирургия институту бейтаптарды кабыл ала баштады

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институту 11-февралда чыккан өрт кырсыгынан кийин бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган институттун бөлүмдөрү Улуттук госпиталдын жана Республикалык диагностикалык борбордун имараттарына убактылуу көчүрүлгөн. Алар учурда толук кандуу иштеп баштап, күнүнө 2-3төн операция жасалып жатат.

Республикалык диагностикалык борбордо Жүрөктүн тубаса кемтиктеринин хирургиясы жана Жүрөктүн пайда болгон кемтиктеринин хирургиясы жана коронардык хирургия бөлүмдөрүнүн дарыгерлери иштеп жатат.

Ал эми Улуттук госпиталда Органдарды трансплантациялоо жана өнөкөт жүрөк жетишсиздигин хирургиялык дарылоо бөлүмүнүн дарыгерлери иш алып барууда. Ошондой эле 12-марттан тарта бейтаптарды Улуттук госпиталга жаткыруу башталат.

Эскерте кетсек, 11-февралда кечинде Кардиохирургия илимий-изилдөө институтунда өрт чыккан. Анын айынан бир өспүрүм жана наристе көз жумган.

Ошондой эле 9 адам, анын ичинде дарыгерлер иске ууланып, ооруканага түшкөн.

Жүрөк хирургиясы институтундагы өрттүн айынан наристе жана өспүрүм каза болгон

Exit mobile version