«Каркыра-автожол» өткөрүү пункту жазга чейин жабылат

«Каркыра-автожол» өткөрүү пункту жазга чейин жабылат

Бүгүн, 30-ноябрь саат 18: 00дөн баштап «Каркыра- автожол» өткөрүү пункту убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак тилкесинде аталган өткөрүү пункту аркылуу адамдар менен транспорт каражаттарынын жүрүүсү 2021-жылдын 1-мартына чейин убактылуу токтотулат.

Мындай чечим аба ырайынын жана жол шарттарынын кескин начарлашына, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кабыл алынды.

«Каркыра – автожол» посту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан,  көп тараптуу, автоунаа өткөрүү пункту.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>