«Каркыра-автожолу» менен «Кеген-автожолу» көзөмөл өткөрүү пункттары 1-декабрда убактылуу жабылат

«Каркыра-автожолу» менен «Кеген-автожолу» көзөмөл өткөрүү пункттары 1-декабрда убактылуу жабылат

Кыргыз-Казак чек арасындагы «Каркыра-автожолу» менен «Кеген-автожолу» көзөмөл өткөрүү пункттары 1-декабрда убактылуу жабылат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, көзөмөл өткөрүү пункту казак тараптын демилгеси менен жабылууда.

«Аба ырайынын кескин бузулганынан жана ага байланыштуу жолдогу абал жакшы эмес болуп жатканынан, мындан тышкары кооптуу абалдардын алдын алуу максатында аталган көзөмөл өткөрүү пункттары адамдар үчүн да, жүктөрдү өткөрүү үчүн да убактылуу жабылат», — деп айтылат маалыматта.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>