Карылар үйүндөгүлөр Баткенге гуманитардык жардам чогултушту

Карылар үйүндөгүлөр Баткенге гуманитардык жардам чогултушту

Бишкектеги карылар үйүнүн кызматкерлери жана камкордукка алынгандар кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган мекендештерге гуманитардык жардам чогултушту. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, карылар үйүнүн кызматерлери бир күндүк эмгек акыларын которуп, пенсионерлер акча чогултушту. Мындан тышкары, жылуу кийимдерди, матрацтарды, тамак-аш жана жеке гигиена каражаттарын топтошкон.

Алар Баткен облусунун эли менен биргеликте экенин айтып, колунан келген жардамдарын көрсөтүүгө даяр экенин белгилешкен.

Ошондой эле курман болгондорго терең кайгырып, жакындарына көңүл айтышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>