Карындашын коргоп, ок чыгарган жарандын баш коргоо чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды. Бул тууралуу Чүй облустук сотунан билдиришти.
Мындай чечимди Чүй райондук соту чыгарган.
Эске салсак, окуя кечээ, 1-июлда, болжол менен саат 8:30да Бишкек — Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында, Токмок шаарынын аймагында болгон. Анда карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы травматикалык курал колдонгон. Ал алган жараатынан каза болгон.
Карындашына ыдык көрсөткөн кишини агасы атып салган окуя боюнча акыйкатчы үн катты