Карызды төлөөнү күтө туруу боюнча Кыргызстандын сунушун Кытай четке какканбы?

Карызды төлөөнү күтө туруу боюнча Кыргызстандын сунушун Кытай четке какканбы?

Бир катар ЖМКда Кытай Кыргызстандын карызын төлөөнү күтө туруу боюнча сунушун четке какты деген маалымат тараган. Бирок, эч кандай аргументтер берилген эмес.

Каржы министрлиги бул маалыматка өз реакциясын билдирип, мамлекеттик карыз боюнча акыркы фактыларды (2020-жылдын 31-июлуна карата) келтирип, өлкө дефолт алдында турат деген билдирүүнү төгүндөдү. Бул тууралуу «Акчабар» финансылык порталы жазды.

«320 млрд 39.2 млн сом — тышкы карыздын көлөмү. Анын ичинен 200 насыя катары алынса, алардын дээрлик 98% жеңилдетилген шартта, жылына 0.75% — 2% менен 40  жылга чейин мөөнөткө берилген. Европа өнүктүрүү жана кайра иштетүү банкынан тышкаркы алынган тышкы карыздын баардыгы тең белгиленген пайыздык чен менен берилген», — деп белгилешти министрликтен.

Маалыматтын чын төгүнүн билүү үчүн «Акчабар» Каржы министрлиги менен байланышка чыккан. Аталган басылма эч кандай так жооп албаганын жазды. Анын бирден бир себеби, учурда эки өлкө ортосунда карызды терең реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, аягына чыга электигинде экени айтылды. Азырынча Кытай тараптан официалдуу жооп келе элек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>