Жунушалиев: Саймати өнөктөшүнүн 3 миллион долларлык товарын алдап кеткен

Жунушалиев: Саймати өнөктөшүнүн 3 миллион долларлык товарын алдап кеткен

«Айеркен Саймати өзүнүн өнөктөшү кытайлык жарандын 3 миллион  28 миң долларлык товарын жана акчасын алдап кеткендиги үчүн ага издөө жарыяланган»,  — деп билдирди Ички иштер министрлиги Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында.

ИИМдин башчысынын айтымында, Сайматиге Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен иш козголгон. Анын алкагында ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланган.

Азаттыктын иликтөөсүндө аты аталган Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканадан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, алган жаракатынан улам көз жумган.

12-октябрда ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип үч киши кармалды. Алардын экөө кыргызстандыктар болгон.

Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жерден консулдукка тиешелүү Range Rover үлгүсүндөгү автоунаа табылган. Аталган унаа  Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковко таандык болгон.

Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгонун жарлыкка ылайык 12-ноябрда Эркин Сопоков кызматтан алынды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>