Site icon Reporter.kg

Кашкар Жунушалиев Кремлдеги концертке качан барган?

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге окшош адам көрүүчү болгон концерт 2019-жылы өткөн.

Орусиянын 1 — каналынын расмий сайтындагы маалыматка караганда, быйыл коронавирустан улам Полиция күнүнө карата концерт уюштурулган эмес. Ал эми кечээ, 15-ноябрь күнү 2019-жылкы концерт эфирден кеткен.

Буга чейин Кашкар Жунушалиев Москвада концерт көрүп отурат деген аталыш менен интернетке сүрөттөр тараган.

Кашкар жунушалиев 5-6-октябрдагы окуялардан кийин кызматын таштап качып кеткен.  премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусунда эл менен жолугуп жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев изделип жаткандыгын айткан.

Exit mobile version