Site icon Reporter.kg

Кашкар Жунушалиев Нарындагы милициянын даярдыгын текшерди

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Нарын облусундагы милиция кызматкерлеринин абалынан кабар алды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, министр Нарын облусуна иш сапары менен барып, облустук ички иштер башкармалыгынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгү менен таанышты.   Андан соң,  Нарын облусунун ИИБнын жыйындар залында борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары, Нарын ОИИББнын ардагерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү. 

Анда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо учурунда Нарын облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктардын жүрүшү менен таанышты. 

Ошондой эле өздүк курам арасында мыйзамдуулукту, кызматтык тартипти сактоо боюнча бир катар талаптарды коюп, ага жетекчилери жоопкерчиликтүү экендигин эскертти.

Exit mobile version