Кашкар Жунушалиев Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын ички иштер министри менен сүйлөштү

Кашкар Жунушалиев Саймаитинин өлүмү боюнча Түркиянын ички иштер министри менен сүйлөштү

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси Мехмед Татлы жана Туркиянын ички иштер министрлигинин Кыргызстандагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМ билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.

Ошондой эле Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.

“Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты”, — деп жазылат билдирүүдө.

Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары күч аракеттерди жумшолорун баса белгилешкен.

Белгилей кетсек, Айеркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдан атып кетишкен. Аны атыы «Азаттыктын» жарым жыл мурун жарыялаган иликтөөсүнөн кийин таанымал болгон.

Ал эми  жакында эле жарыяланган иликтөөдөн кийин «Азаттыкка” бардык маалматты Айеркен Саймаити өзү берип жүргөнү окурмандар үчүн таң калыштуу болду.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>