Site icon Reporter.kg

Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке жумушчу сапар менен учуп келди. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Токаевди аэропорттон Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.

Казакстандын президенти Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version