Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды

Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын президенттик шайлоосунан утуп чыккан Садыр Жапаровду куттуктады. Бул тууралуу «Казинформ» басылмасы жазды.

Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, добуш берүүнүн жыйынтыктары ал мамлекеттүүлүктү андан ары чыңдоо жана Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча сунуш кылган программаны жалпы элдик колдоонун далили экендигин белгиледи.

Мындан ары эки тарап биргелешип иштөөгө даяр экендерин билдиришкен. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду Казакстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Жапаров чакырууну кабыл алып, президент катары биринчи сапарын Казакстанга жасай тургандыгын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>