Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элине көңүл айтты

Касым-Жомарт Токаев Сооронбай Жээнбековго жана кыргыз элине көңүл айтты

Казак президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус пандемиясынын курмандыктарына арналган Улуттук аза күтүү күнүнө байланыштуу Президент Сооронбай Жээнбековго жана Кыргызстан элине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди. 

«Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирустун курмандыктары болгон бир тууган Кыргыз элинин аза кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетүүлөрүн тилейм», — деп айтылат Казак президентинин көңүл айтуу телеграммасында. 

Касым-Жомарт Токаев чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргызстандыктардын ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирген. Ошондой эле Казакстан боордош Кыргызстан элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгына ишендирген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>