Site icon Reporter.kg

Касымалиев Астанадагы «Казакстан Гарыш Сапары» космос борборунун иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстанга болгон расмий сапарынын алкагында Астанадагы «Казакстан Гарыш Сапары» улуттук космос борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев баштаган кыргыз делегациясын космостук борбордон Казакстан Республикасынын Премьер-министри Олжас Бектенов тосуп алды.

Андан соң Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги, ошондой эле бул борбордун жетекчилиги учурдагы ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен тааныштырды.

«Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар негизинен спутникалык байланыштар жана технологиялар, санариптик чечимдер, географиялык маалымат системалары жана экономиканын түрдүү тармактары үчүн инновациялык долбоорлорду биргелешип иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн сүйлөштү», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version