Касымалиева көпчүлүк коалицияны  премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды

Касымалиева көпчүлүк коалицияны  премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева парламенттеги көпчүлүк коалициянын мүчөлөрүн премьер-министрликке жаңы талапкер көрсөтүүгө чакырды. Өз сунушун ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал Жапаровдун талапкерлиги коомчулуктун айрым бөлүктөрүнө жакпай жаткандыгын айткан.

«Садыр Жапаров өлкөдөгү парламентке кирген жана анын сыртындагы ар кыл күчтөрдүн башын кошкон, бийлик менен оппозициянын ортосунда көпүрө болуп, жаңы парламенттик шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзүүгө салым кошкон адам болот деп ойлогонбуз. Тилекке каршы, акыркы бир нече күндөгү окуялар анын жеке сапатын эске албаганда, коомдун көпчүлүк бөлүгү аны кабыл алуудан баш тартарын көрсөттү жана жалпы өлкөнүн башын бириктиргендин ордуна тескерисинче ажырым менен пикир келишпестикти күчөтчүдөй кырдаал жаралды. Элдик ишенимдеги өкмөттүн ордуна кыжырданууга ээ болобуз жана анын премьер-министр болуп шайланышы коомдогу мындан аркы толкундоолорго себеп болот. Биз мындай кооптуу кадамга бара албайбыз» — деп айтылат билдирүүдө.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>