Site icon Reporter.kg

Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болот

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болууга талапкерлигин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети жактырды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Комитет Аида Касымалиеваны Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна талапкерлигин жактырып, комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүүнү буюрду.

Буга чейин эле Reporter.kg’га өздүк булактар Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү кызматына бараарын билдирген.

Аида Касымалиеванын башка кызматка бараары билинди

 

Exit mobile version