Касымалиева: Жапаров мыйзамсыз шайланды, парламент жаңы жыйын өткөрөт

Касымалиева: Жапаров мыйзамсыз шайланды, парламент жаңы жыйын өткөрөт

Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматка дайындалуусу мыйзамсыз. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева Фейсбук баракчасына жазды. 

Ал “Ала-Арча” резиденциясындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны кворум болбогондуктан расмий жыйын катары таанылбай тургандыгын айтат.  Андыктан 10-октябрдагы жыйында депутаттардын кабыл алган чечими легитимсиз экендигин жазган.  

“Эгер кимдир бирөө бул документти Жогорку Кеңештин расмий токтому катары кол койсо, ал аракети бийликти басып алуу менен барабар. Деген менен азыркы тапта Садыр Жапаровду дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому жок. Анын шайланышы ЖКнын расмий документи менен бекитилген эмес. Демек, жарлык чыгарыш үчүн президентке да жөнөтүлө элек. Садыр Жапаровду премьер-министр катары кабыл алынган чечимдер юридикалык күчкө ээ эмес”, — деп жазган вице-спикер.

Касымалиева ошондой эле мындай учурда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу биринчи вице-премьер Алмазбек Баатырбеков болушу керктигин, ал эми спикердин милдетин өзү аткаруусу керектигин жазган. 

“Мен өкмөттүн бардык мүчөлөрүнө кайрылам, жаңы өкмөттүн курамы бекитилгенге чейин өз милдетиңерди аткарууну уланта бериңиздер. Учурда ЖКнын жайынын өткөрө турган жерди жана датасын дайындоо боюнча сүйлөшүп жатабыз. Төрага Дастан Жумабеков отставкага кеткен, демек анын укуктары мен биринчи вице-спикер болгондуктан мага өтөт”, — деп жазат Касымалиева.

Ошондой эле ал бардык саясий күчтөрдү жана жарандарды коомдук тартипти сактоого чакырып, митинг жана башка чогулуштарды өткөрбөй турууну суранды.

Белгилей кетсек, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны болуп, Садыр Жапаров башында турган  жаңы өкмөттү шайлашкан.  Жыйындын башында төрага Мыктыбек Абдылдаев залда 51 депутат отурганын, 10у ишеним кат жибергенин жарыялап,  спикерликтен кетерин да айткан эле. 

Мындан улам жыйынды вице-спикер Мирлан Бакиров алып барган.

https://www.facebook.com/aida.kasymalieva/posts/10220142059154209

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>