Катаал аба-ырайынан улам Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө кыйын болууда

Катаал аба-ырайынан улам Жеңиш чокусунда жоголгон альпинисттерди издөө кыйын болууда

Аба ыраынын катаал шартынан Жеңиш чокусунда дайынсыз жоголгон казакстандык альпинисттерди издөө кыйын болууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн  “Хабар” агенттиги жазды.

Учурда издөө иштерине тартылган МИ-171 тик учагы жана аскер альпинисттери Ысык-Көлдөгү “Каркыра” альпинисттик лагеринде турушат. Алар аба-ырайынын оор шартынан улам издөө иштерин жүргүзө албай жатканы айтылат.

Куткаруучулар тобуна белгилүү  альпинист Максат Жумаев жетекчилик кылууда.

Белгилей кетсек, альпинисттер Александр Чечулин , Мурат Отепбаев жана Андрей Корнеевди 18-августтан бери дайынсыз болууда. Алардын бири деми кыстыгып каза болгон. Ал эми эки адам жардам сурап кайрылган бойдон дайынсыз.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>