Site icon Reporter.kg

Катар Бишкекке заманбап 9 кабаттуу оорукана куруп берет

Катар мамлекеттинин Өкмөтү борбор калаага заманбап технологиялар менен жабдылган ортопедия борборунун куруп берет. Бул тууралуу академик, белгилүү травматолог Сабырбек Жумабеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарына салына турган 9 кабатту бейтапкананын курулушуна Катардын Өкмөтү 9 миллион 240 миң доллар бөлдү. Ал каражаттар кайтарымсыз негизде берилет.

«Бүгүн Катар мамлекетинин Кыргызстандагы Элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити мырза менен жолугушуу өткөрдүк. Жолугушуу учурунда Элчи мырза Катар мамлекетинин Өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборунун жаңы тогуз кабаттуу, заманбап технологиялар менен жабдууланган имаратынын курулушуна багытталган 9 миллион 240 миң АКШ доллар көлөмүндө каржылоо бөлүнгөнүн билдирди. Бул биз үчүн бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет. Кредит эмес, кайтарбайбыз. Ошондой эле жолугушуу учурунда Элчи мырза борбордогу курулушту жүргүзүү аянтын көрүп, курулуш иштери тез башталганы абдан жакшы болоорун билдирүү менен, Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин айтып кетти. Биздин өтүнүч менен тендер маселеси Элчилик тарабынан өткөрүлүп, курулушту аягына чейин, бүткөнчө өздөрү толугу менен көзөмөлгө алыша турган болду.

Жер, документер, жана башка кагаздар Бишкек мэриясы тарабынан чечилмей болду. Документтер канчалык эртерек бүтсө, ошончолук курулуш эртерек башталат» — деп билдирүү калтырган травматолог.

 

Exit mobile version