Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды Сокулукта күйөөсүнөн ур-токмок жеп, ооруканага түшкөн 22 жаштагы келиндин укугун коргоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.
Буга чейин Чүйдүн милициясы билдиргендей, бул окуя 28-октябрда болгон. 25 жаштагы жаран (К.М.) мас абалда аялын 3 саат бою уруп-сабаган. Ур-токмок жеген аял тез жардам менен ооруканага жеткирилген.
Сокулук райондук ооруканасынын директору Эркинбек Осмоналиевдин айтымында, келиндин абалы орточо оор.
«Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар. Андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган», — дейт дарыгер.
Ошондой эле дарыгерлер келиндин мээси менен бөйрөктөрү ур-токмоктон жабыркаган деп божомолдоп жатышат. Аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт
Институттун кызматкерлери жабыркаган аялдын апасы менен дагы сүйлөшкөн. Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан. Күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен.
«Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок «апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем» деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен», — дейт ал.
Үй-бүлөнүн эки кызы бар. Бири алты, экинчиси үч жашта. Алар учурда апасынын туугандарында. Тайенеси неберелери зомбулукка күбө болгонун айтат.
«Кыздарынын көзүнчө аялын сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр», — дейт ал. .
Сабалган келиндин апасы күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылган.
«Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөө балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек», — дейт ал.
Акыйкатчы институту билдиргендей, келиндин күйөөсү соттун чечими менен тергөө аяктаганча 27-декабрга чейин камакка алынган.
Акыйкатчы Жаманбаева да шектүү мыйзам чегинде жаза алышы керектигин айтат.
«Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын жаш балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл», — дейт акыйкатчы.