Site icon Reporter.kg

Казак акыны Муратхан Шохандын китеби кыргыз тилине которулду — сүрөттөр

Кечээ, 24-декабрда Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасында казак акыны Муратхан Шохандын “Түнкү лирика” аттуу китебинин бет ачарына арналган поэзия кечеси болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук жазуучулар союзу билдирет.

Казак акынынын кыргыз жергесинде өткөн алгачкы чыгармачылык кечесине Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары К.Кадыракунов, Кыргыз эл акыны Г.Момунова, Кыргыз эл жазуучусу, акын А.Жакшылыков, Ж.Саалаев, К.Көкүлов ж.б. кыргыз акындары, Э.Бейилхан баштаган казак акындары жана поэзия күйөрмандары катышкан.

Эки саатка созулган ыр кечеде, эки элдин акындарынын чыгармачылыгына күбө болгон күйөрмандар чыгармачылык байланыш мындан ары да улана беришин тилек кылып кайтышты.

Китепти  кыргыз тилине акын Аида Эгембердиева которгон.

[su_image_carousel source=»media: 16976,16973,16977,16972,16971,16975,16970,16969″ limit=»36″ slides_style=»photo» crop=»none»]

Exit mobile version