Казак бийлиги автотранспорт менен бензин ташууга чектөө киргизди

Казак бийлиги автотранспорт менен бензин ташууга чектөө киргизди

Казакстан бийлиги 2-ноябрдан тарта алты айга чейин бензин жана дизелди автотранспорттор менен ташууга чектөө киргизди. Буйрук «Адилет» укуктук-нормативдик актылар сайтында жарыяланды.

Чектөө ачык түстөгү мунайпродукцияларына тиешелүү. Ошо эле маалда жөнөкөй бензобактарды толтурууга тыюу салынбайт. Бирок айдоочулар 20 литерден жогору көлөмдөгү канистрлерге жана кошумча бензобактарга бензин куюп кете алышпайт. Автотранспорттор менен күйүчүү-майлоочу майларды ташууга да чектөө киргизилди.

2019-жылы орусиялык айдоочулар Орусияга караганда бир жарым эсеге арзан бензин үчүн Казакстанга келип жатышканы аныкталган.

Буга чейин Казакстан энергетика министри Канат Бозумбаев арзан баадан улам казак бензини Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө ташылып кетип жатканын билдирген.

«Жеңил автоунаалар ондогон канистрлерди толтуруп, жүк ташуучу унаалар кошумча бактарды орнотуп, миңдеген тонна бензин, дизелди чектеш өлкөлөргө ташып кетишүүдө. Башкача айтканда биз бөтөн экономиканы субсидиялап жатабыз», – деген Бозумбаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>