Site icon Reporter.kg

Казак инвесторлор Ысык-Көлдө күн электр станциясын курат

Казакстандык инвесторлор Ысык-Көлгө күн электр станциясын курат. Бул тууралуу «Казинформ» агенттиги жазды.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиги менен «Күн Булагы» ЖЧК кыргыз-казак биргелешкен ишканасы күн электр станциясын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча меморандумга кол койду. Ага ылайык кубаттуулугу 50 МВт күн электр станциясы Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында казакстандык инвесторлор тарабынан курулат. Аны курууга 35 млн доллар каралган.

Меморандумга кол коюуга аталган агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев, эки өлкөнүн элчилери, казакстандык «ТГС-Энерджи» жана «ТГС-Констракшн» энергетикалык компаниялары катышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version