Site icon Reporter.kg

Казак-кыргыз чек арасында Пакистандын 9 жараны кармалды

Казак-кыргыз чек арасынан тогуз пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка караганда, УКМКнын Чек ара кызматынын Жамбыл облусу боюнча башкармалыгынын аскер кызматкерлери УКМКнын жана Меркен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Пакистан Ислам Республикасынын тогуз жаранын кармашкан.

Казак-кыргыз чек арасынан Казакстан Республикасына мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version