Site icon Reporter.kg

Казак күүчүсү «Ак кемедеги» баланын тагдырын күүгө салды — видео

Казакстандын эмгек сиңирген ишмери, күүчү Нуркен Аширов Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги балага арнап күү чыгарды.

Нуркен Аширов өзүнүн күүсүн Qazaqstan улуттук телеканалындагы «Күй-керуен» (Күү кербен) программасында чертип берди. Анын айтымында, күү менен повесттеги жетим баланын тагдырын чагылдырууга аракет кылган.

«Жаңы чыгарма десе болот. Өзгөчө чыгарма. Ак кеме деген күү. Ал түздөн-түз кемеге байланышы жок десем болот. Ал түрк дүйнөсүнүн сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повеситинин негизинде чыгарылган. Күүнүн негизги мазмуну, мааниси повесттеги жетим баланын тагдырын күү менен чагылдыруу», — дейт ал.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version