Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев күз мезгилинде Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келет.
Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин Кыргызстанга жасаган расмий визитинин алкагында кеңири форматтагы жолугушууда билдирди.
Ошондой эле ал бүгүнкү жыйын эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жакшы түрткү берерин айтып, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнү 1 млрд долларга жеткирүү керек экенин баса белгиледи.