Казак президенти Нур-Султандын жарыксыз калышына жол бергендерди жазалоону тапшырды

Казак президенти Нур-Султандын жарыксыз калышына жол бергендерди жазалоону тапшырды

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Нур-Султандын көпчүлүк бөлүгүнүн жарыксыз калышына байланыштуу атайын комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу Казак президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Берик Уали Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Атайын комиссияга вице-премьер-министр Роман Скляр төрагалык кылат. Комиссия иликтөө жүргүзүп, күнөөлүлөрдү аныкта, ишти укук коргоо органдарына өткөрөт. Президент Нур-Султан шаарынын акимине дагы ушундай окуялар кайталанбаш үчүн чукул чара көрүүнү тапшырды”, — деп жазган Берик Уали.

Нур-Султан шаарында элетр жагыры 10-ноябрь күнү түнкү саат экиде өчүп калган. Жарыктын өчүшүнө «Левобережная» көмөк чордонунда кабелдин күйүп кетиши себеп болгон. Мунун кесептинен шаардын көпчүлүк бөлүгү жарыксыз калган. Алардын арасынжа Акордо, өкмөт имараты, Жогорку сот, сенат, мажилис, министрлер үйү өңдүү бир катар мамлекеттик мекемелер бар.

Нур-Султандын акимчилиги 11-ноябрда көмөк чордон калыбына келтирилгенин кабарлады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>