Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Берик Уали коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн “Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
Анын айтуусу боюнча, абалы канааттандырарлык. Президенттин резиденциясы Акордодо санитардык абал күчөтүлдү.
“Президенттин саламаттыгына коркунуч жок, ал графикке ылайык ишин улантууда» деп жазды маалымат катчы.
Казакстанда коронавируска чалдыккандардын саны 12 500дөн ашты. Бул илдеттен 53 киши көз жумду.