Казакбаев Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгарууну сунуштады

Казакбаев Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы визаны жокко чыгарууну сунуштады

Кыргызстандын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигин эки мамлекеттин жарандары үчүн визаларды жана иштөөгө уруксатты жокко чыгаруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга чакырды.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда, Түркияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Руслан Казакбаев аталган өлкөнүн Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой жана министрдин орун басары Сердар Чам менен жолугушту.

«Бул биргелешкен кадам түрк интеграциясынын түпкү максаттарынын бирине — адам ресурстарынын жана товарлардын эркин жылышын камсыз кылууга мүмкүндүк берет», — деп Руслан Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы визаларды жана иштөөгө уруксатты жокко чыгаруу сунушуна комментарий берди.

Түрк министри өз кезегинде туризм жаатында кызматташууну активдештирүүнү сунуштады. Ушул багыттагы старттык аянтча катары ал Кыргызстандын кесиптик лицейлеринин базасында туристтик бизнес үчүн кадрларды биргелешип окутуу мүмкүнчүлүгүнө токтолду.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>