Казакстан өз вакцинасын ыктыярчыларга сыноого даяр экенин билдирди

Казакстан өз вакцинасын ыктыярчыларга сыноого даяр экенин билдирди

Казакстанда илимий борбор COVID-19 илдетине каршы өзү чыгарган вакцинанын клиникага чейинки баштапкы сыноолорун аяктады.

Бул тууралуу казак басылмалары Алматыдагы Биологиялык коопсуздук маселелери боюнча илимий иликтөө институтуна таянып жазышты.

19-августта аталган институт QazCovid деп аталган вакцина жанырбаларга жасалып, сыноодон өткөнүн жарыялады.

Борбор вакцинанын коопсуздугун, болжолдуу кесепеттерин жана аллергиялык реакцияларын ашыкча дозада сайып, текшерип көргөн.

Сыноонун экинчи баскычы октябрь айында башталат. Ага 200дөй ыктыярчы катышат.

Буга чейин Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өлкө күз жана кыш мезгилинде күтүлүп жаткан коронавирус эпидемиясынын “экинчи толкунуна” даярданып жатканын билдирген.

19-августа карата Казакстанда коронавирусту 103 миңден ашуун адам жугузган, алардын 1400дөн көбү каза болду.

 

Тэги: коом

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>