Site icon Reporter.kg

Казакстан: 92 жаштагы энесин уулу кирпич менен уруп өлтүрдү

Казакстандын Көкшетау шаарында 92 жаштагы апасын 62 жаштагы уулу кирпич менен уруп өлтүрдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда,  2-октябрда Көкшетау шаарынын милициясына улгайган аял каза болду деген телефон билдирүү түшкөн. Телефон чалган адам өзүн жабырлануучунун уулумун деп тааныштырып, милиция кызматкерлери менен сүйлөшүүдө окуя боюнча өзүнүн версиясын айтып, 92 жаштагы пенсионер жыгылып кетип, денесинен жараат алганын айткан.

Маалыматты тактоо жана бардык жагдайларды аныктоо үчүн тергөө-ыкчам тобу көрсөтүлгөн дарекке келишкен.  Келгенден кийин кылмыш болгон жерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүп, каргашалуу окуянын жалгыз күбөсү, пенсионердин 62 жаштагы уулун тергөөчүлөр жана ыкчам кызматкерлер суракка алышкан.

Милиция алдын ала иликтөө иштеринин жүрүшүндө алган жаракаттары жыгылгандан эмес, башына урулган соккудан болгонун аныктаган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында укук коргоо кызматкерлери бул кылмышка пенсионердин уулунун катыштыгы бар экенин, ал апасына кирпич менен сокку урганын аныкташкан.

Уулу кылган кылыгын мойнуна алып, кийинчерээк түшүндүргөндөй, каргашалуу күнү апасы менен чогуу арак ичип отуруп оозеки чатак чыккан. Жаңжал учурунда ал апасын кирпич менен бир нече жолу чаап, жасаган ишинин чоңдугун түшүнгөндө өзү милиция чакырып, баарын кокустук катары көрсөтүүгө аракет кылып, дарыгерлерди чакырган.

Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголду.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

 

Exit mobile version