Site icon Reporter.kg

Казакстан Алматы менен Ысык-Көлдү байланыштырган жолду салууга даяр

Казакстан Алматы облусу менен Кыргызстандын Ысык-Көл облусун байланыштырган унаа жолду курууга даяр. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин каржы министри Мади Такиев Кыргызстандын экономика министри Данияр Амангелдиев менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Эки министрдин жолугушуусу бүгүн, 30-майда болуп өткөн.

Жолугушууда Ысык-Көлдөгү Казакстандын карамагында болгон пансионаттардын иши, аларды оңдоп-түзөө маселелери да талкууланган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Казакстан Ысык-Көл – Алматы жолун курууну көздөп жатканы, аны 2030-жылга чейин бүткөрүү пландалганы кабарланган.

Exit mobile version