Site icon Reporter.kg

Казакстан чет элдиктер үчүн дизель майын кымбаттатканы жатат

Казакстанда 100 литрден ашкан дизель майы чет элдиктерге кымбат баада сатыла турганын Казакстандын энергетика министри Болат Акчулаков билдиргенин КазТаг билдирди.

«Биздин жарандарыбыз айдоочулук күбөлүктөрүн көрсөтүп суткасына 100 литр дизель майын азыркы баа менен ала алышат. 100 литрден ашканы биздин оюбузча, бул ашыкча. Бул баада күн сайын сатып алат, эгер көбүрөөк алгысы келсе, баасы башкача болот. Жүк ташуу үчүн чек 300 литрге жакын болот деп ойлойбуз. Мүмкүн, күйүүчү майдын көлөмүнө өзгөртүүлөр киргизилет, мунун баары веб-сайтта болот. Май куюучу жайларда бул адамдардын тобуна кирбегендердин баары 450 теңгеден май куюш керек», — деди Акчулаков.

Учурда министрлик дизелдик отунга дифференцияланган бааны караган буйруктун долбоорун иштеп чыкты. Баалар жашаган жерине, керектөө көлөмүнө жана транспорттун түрүнө жараша болот.

Энергетика министрлигинин башчысынын айтымында, жакын арада буйрук долбоору ачык укуктук актылардын сайтында жарыяланат. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Казакстанстанга күнүнө 4,4 миңге жакын жүк ташыйт, анын 70%га жакынын чет элдик унаалар түзөт.

Exit mobile version