Казакстан дагы өзгөчө абал режимин майга чейин узартты

Казакстан дагы өзгөчө абал режимин майга чейин узартты

Казакстанда өзгөчө абал режими 1-май күнү таңкы саат 7:00гө чейин узартылды. Маалымат Казакстан президентинин расмий сайтында жарыяланды.

Казакстанда өзгөчө абал 16-мартта киргизилген. Бул режим 15-апрель күнү таңкы саат 7:00дө аягына чыкмак.

19-марттан тартып Нур-Султан жана Алматы шаарлары карантинге жабылган. Кийинчерээк карантин чаралары башка аймактарга да киргизилген.

Казакстан бийлиги өзгөчө абалга байланыштуу кирешесинен ажырагандарга 42 500 теңге (95 доллар) төлөөгө убада берген. Кишилер банктарга жана почта бөлүмдөрүнө кезекке турушуп, жардам үчүн арыз тапшыруу жана алуу жол-жоболору так эместигине нааразы болушууда.

Казакстанда коронавирус инфекциясын жуктурган кишилердин саны 1232ге жетти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>