Site icon Reporter.kg

Казакстандын калкынын саны 19,17 млн кишиге жетти

Эл каттоонун жыйынтыгында Казакстандын калкынын саны 19 169 550 кишини түздү. Бул тууралуу 8-декабрда өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин билдирди.

Анын айтымында, өлкө калкынын 51,8% аялдар, 48,2% эркектер түзөт. 33,97% 17 жашка чыга электер болсо, 19,72% 14-28 жаштагылар түзөт.

Калктын орточо жаш курагы — 31,9 жаш. Өлкөдө ишке жарамдуу 11 320 410 жаран бар, бул өлкө калкынын 59,05% түзөт. Казак улутундагылар жалпы калктын 70,18% жеткен.

Казакстанда эл каттоо быйыл 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлгөн. Расмий маалыматтар боюнча ага өлкө жашоочуларынын 42,5% онлайн катышкан.

Казакстанда буга чейинки эл каттоо 2009-жылы өткөн. Ага ылайык, өлкө калкынын саны 16 миллион кишини түзгөн.

Exit mobile version