Site icon Reporter.kg

Казакстан келишим боюнча Кыргызстанга электр энергиясын кайтара баштады

Казакстан 21-сентябрдан тартып электр энергиясын алмашуу келишиминин алкагында Кыргызстанга электр кубатын кайтарып бере баштады.

Өлкөнүн «Улуттук энергохолдинг» ишканасы билдиргендей, июндан августка чейин Кыргызстан Казакстанга 300 млн кВт/ саат электр энергиясын берген. Казакстан да кайра эле ушундай көлөмдө электр кубатын кайтарат. Тиешелүү келишимге эки өлкө 23-июнда кол койгон.

Буга чейин «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Айтмамат Назаров быйыл суу аз болгондуктан Кыргызстан кышында Казакстандан 500 млн кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландап жатканын билдирген.

Назаров 2020-жылдын октябрына карата Токтогул суу сактагычында 14,9 млрд куб метр суу топтолушу мүмкүн экенин айткан. Мурдагы жылдары бул маалда суу 17-19 млрд куб метрге чейин жеткен учурлар болгон.

Өлкөдөгү электр кубатынын 40% бөлүштүрүп келген «Түндүк электр» компаниясы быйыл электр энергиясы тартыш болорун эскертүүдө.

Өкмөт быйыл суу аз болорун 2020-жылдын башында эле божомолдогон. Көптөгөн суу сактагычтарда суунун көлөмү нормадан 10-12% төмөн.

Exit mobile version