Site icon Reporter.kg

Казакстан Көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз берди

Казакстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз берди. Бул тууралуу Казакстандын парламентинин мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен болгон жолугушууда билдирди.

Кошанов Түркияда өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышып, анын алкагында Эрдоган менен жолугушкан.

«Мажилистин төрагасы Казакстан кийинки боло турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө арыз бергенин, түрк дүйнөсү бул сунушту колдой турганына үмүт артарын билдирди», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрдан 2-октябрга чейин болуп өтөт.

Ага чейинки (2014, 2016 жана 2018-жылдары) Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Ысык-Көл болусунда өткөрүлгөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору.

2018-жылы оюндарды өткөрүү укугу Түркияга берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version