Site icon Reporter.kg

Казакстан күйүүчү майларды автотранспорт менен ташууга тыюу салды

Казакстандын энергетика министри, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, каржы жана ички иштер министрлери республиканын аймагынан мунайзаттарды ташып чыгууга чектөө киргизүү боюнча биргелешкен буйрукка кол коюшту.

Буйрукка ылайык, Казакстандын аймагынан автотранспорт менен бензинди, дизель майын жана мунай продуктуларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынат.

Exit mobile version