Казакстан кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болду

Казакстан кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болду

Казакстан орус-казак чек арасында топтолуп турган кыргыз мигранттарына бир жолку транзиттик жол ачып берүүгө макул болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, казак тарап 30-апрелге карата ошол жерде тургандар гана өткөрүлөрүн, андан кийин чек ара кайра жабыларын билдирди.

Кыргызстандыктар атайын уюштурулган автобустар менен гана ташыларын, андыктан жеке автомашинасын ар бири ошол жактагы токтотмолорго калтырышы керек деген шарт койду.

Автобустар Казакстандын аймагынан кыргыз чек арасына чейин атайын медициналык коштоо менен өтөт.

Орусиянын шаарларынан автоунаа менен жолго чыккан 200дөй кыргыз жараны коронавирустан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан Оренбург облусундагы орус-казак чек ара тилкесинде турганына 1,5 айга чамалады.

Мындагы Соль-Илецк аймагындагы чек ара өткөрмөсү 17-мартта жабылып калган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>