Site icon Reporter.kg

Казакстан Кыргызстан менен чек арадагы өткөрмө бекеттеринин баарын ачты

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ, 9-сентябрда, Москва шаарында Казакстандын ТИМ башчысы Мухтар Тлеуберди менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн.

Анда Айдарбеков коронавируска каршы биргелешкен аракеттер ийгиликтүү болгонун белгилеп, кыргызстандыктарды мекенге кайтарууда көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирген.

Ошондой эле тараптар эки өлкөнүн ортосундагы эл аралык каттамдарды калыбына келтирүү тууралуу кеп кылып, Казак тарап бул жаатта оң чечим кабыл алынганын кабарлаган. Ошондой эле Казак тарап кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү бекеттери толук иштей баштаганын кабарлаган.   

Exit mobile version